Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Марипов: Мобилдүү өкмөт түзүлүп, башкаруу системасы жакшырат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн, 3-февралда премьер-министрлик кызматка талапкер Улукбек Марипов сунуш кылган өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы талкууланып жатат.

Марипов өз сөзүндө өкмөттүн курамы 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айтты.

Ал коронавирус пандемиясы өлкөнүн саламаттык сактоо системасындагы кыйынчылыктарды ачык көрсөткөнүн айтып, Кыргызстан эми оорунун үчүнчү толкунуна даярдык көрүп жатканын кошумчалады.

Мариповдун айтымында, энергетика тармагына салынган мурдагы инвестициялар натыйжалуу болду деп айтуу кыйын, ошондуктан бул тармакты толук реформалоо зарыл.

2-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырган. (RK/ErN)

XS
SM
MD
LG