Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Жанарбек Акаев: Министрликтерди азайтуу – реформа эмес


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев элдин жаңы түзүлүп жаткан өкмөткө үмүтү мурдагы өкмөттөргө караганда өтө чоң экенин белгилеп, сунуш кылынган жаңы курамга карата элде нааразылык бар деп билдирди.

3-февралда парламентте өкмөттүн программасы, курамы жана түзүмү талкууланып жатканда ал премьер-министрликке көрсөтүлгөн Улукбек Мариповго кайрылып, министрликтерди азайтып коюуну реформа деп атоо эрте экенин айтты:

«10 премьер-министрге кылмыш иши козголуптур, беш премьер-министр түрмөдө отурат. Сиз ошондой өкмөт башчылардын катарын толуктабастан, реформатор, күчтүү премьер-министр болот деп баарыбыз үмүт кылабыз. Чынын айтыш керек, коомчулук азыркы өкмөттүн курамын бир кылка кабыл алган жок. Курамга болгон нааразылык элде көп. Министрликтерди азайтуу – бул реформа эмес. Силер текшерүүчүлөрдү, салыктын түрлөрүн, бюрократияны азайтканда, мына ошону реформа деп атайт. Айылдарда элибиз өзгөчө президенттик шайлоодон кийин керемет болушун күтүп жатат. Мурдагы өкмөттөргө салыштырганда абдан чоң үмүт, ишеним кредити силерде».

Улукбек Марипов депутатка жооп берип, натыйжа бере турган реформа жүргүзүлөрүн айтты жана элдин үмүтү иш менен акталарын белгиледи:

«Үмүт боюнча, менин да үмүтүм абдан чоң. Элдин үмүтү – Садыр Нуркожоевич элдин 80% менен шайланды. Эми биз ошол үмүттү түшүрбөй, өстүргөндү иш менен көрсөтөбүз деп терең ишендирем».

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн, 3-февралда премьер-министрдин кызматына талапкер Улукбек Марипов сунуш кылган өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы талкууланып жатат.

Марипов өз сөзүндө өкмөттүн курамы 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG