Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Иса Өмүркулов: Өкмөткө мындай тең салмакталган курам келе элек болчу


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов өкмөттүн сунушталып жаткан жаңы курамы тең салмакталган деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 3-февралда парламентте өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы талкууланып жатканда айтып, премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповду айрым күмөн санаган депутаттарды укпоого чакырды:

«Радикалдуу түзүмдүк өзгөртүүгө бардыңыз. Эми артка кайтпаңыз. Депутаттардын күмөн же кооптуу деген суроолорунун баарын четке кагыш керек. Жасайбыз деш керек. Жоопкерчиликти алдыңар да, мойнуңарга. Ал эми курам тең салмакталган. Мындай курам келген эмес. Жаш болсо да тажрыйбалуулар бар. Айымдарды колдоого алалы».

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев министрликтерди азайтууну реформа деп атоо мүмкүн эмес экенин айтып, өкмөттү текшерүүлөрдү, бюрократияны жана салыктарды азайтууга чакырган.

Өкмөт башчылыкка талапкер Марипов өз сөзүндө өкмөттүн курамы 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айткан.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмүн жана курамын жалпы жыйында талкуулап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG