Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Кара-Кулжада милицияны атууга шектүү жаран кармалды


Кылмышка шектүү жаран куралын бекиткен жерде көрсөтмө берип жаткан учуру.
Кылмышка шектүү жаран куралын бекиткен жерде көрсөтмө берип жаткан учуру.

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерин атууга шектелген 46 жаштагы жаран 3-февраль күнү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады. Шектүүнүн аты-жөнү ачык айтылган жок.

Ош ОИИБнын мааламатында кылмышка шектүү жаран тергелүүдө. Алгачкы иликтөөлөрдө ал милиция кызматкерлери менен көп жыл мурунку жеке пикир келишпестигин эстеп, аны мыйзамсыз алып жүргөн ок атуучу куралы менен түн ичинде атканын айтып берген.

Андан кийин үйүнө кайтып, кийимин жана мылтыктын кундагын өрттөп салган. Куралдын найын (стволун) үйүнүн короосундагы дарбазанын түтүгүнө салып жибергендигин көрсөткөн.

Кара-Кулжа РИИБнин кызматкерлери тарабынан буюм далилин алуу максатында дарбазанын түтүктөрү текшерилип, андагы жашырылган мылтыктын найы табылды. Учурда Кара-Кулжа РИИБнин кызматкерлери сотко чейинки өндүрүш ишин жургүзүүдө.

13-январда Кара-Кулжа РИИБнин кызматкерине ок атуучу курал менен белгисиз жаран капысынан кол салган. Ал бытырадан алган жараатынан райондук ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 39-беренеси («Кылмышка аракеттенүү»), 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Облустук милициянын дагы бир маалыматына караганда Алай районунда милициянын 31 жаштагы лейтенанты Нурланбек Эркулов 28-январь күнү киши колдуу болду. Анын өлүмүнө шектелип үч жаран кармалды. (DU)

XS
SM
MD
LG