Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Улукбек Марипов: Жаза аткаруу кызматы ИИМге өткөрүлбөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) карамагына өткөрүлбөйт. Бул тууралуу 3-февралда парламентте маалымат берип жатып премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.

“Бул эки органдын бири жазалоочу, бири түзөтүүчү, буга эл аралык донорлор эмне дейт?” деген суроого Марипов төмөнкүчө жооп берди:

“Жаза аткаруу кызматы ИИМге барбайт. Юстиция министрлигине барышы мүмкүн. Азыр юристтер менен тактап жатабыз”.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Жаза аткаруу кызматы ИИМге өткөрүлөрүн, мурдагыдай Жаза аткаруу башкармалыгы болуп кайра түзүлөрүн жазып чыгышкан.

ЖАМК 2009-жылы түзүлгөн. Ага чейин бул система Юстиция министрлигине, Ички иштер министрлигине караштуу болчу.

ИИМдин структурасынан бөлүү өз учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга каршы жалпы тажрыйбага туура келген чечим катары бааланган.

Мекеменин карамагында 12 түзөтүүчү мекеме, 10 жатак абак жана беш тергөө абагы бар.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн, 3-февралда премьер-министрдин кызматына талапкер Улукбек Марипов сунуш кылган өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы талкууланып жатат.

Марипов өз сөзүндө өкмөттүн курамы 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG