Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Украинанын президенти "Медведчуктун үч телеканалына" каршы санкция киргизди


Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиячыл саясатчы Виктор Медведчуктун үзөңгүлөшү, Жогорку Раданын депутаты Тарас Козак жана ал ээлик кылган "112 Украина", NewsOne, ZIK телеканалдарына карата беш жылдык санкция киргизди. Бул санкцияларды Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши иштеп чыккан. Ага ылайык, телеканалдардын активдери камакка алынып, соода операцияларына чектөө киргизилет. Ошондой эле телепрограммаларды ретрансляция боюнча кызмат көрсөтүү токтотулат.

Санкциялар "112 Украина" телеканалынын курамына кирген "Новый формат", "Ариадна ТВ", "ТВ Выбор", "Партнер ТВ" жана "Лидер ТВ сыяктуу каналдарга карата иштейт. Эми аларды YouTube аркылууга гана көрүүгө мүмкүн болот.

Президенттин чечимин телеканалдар сынга алып, бийликке макул болбогондордон саясий өч алуу деп аташты.

Ал эми Украинанын Улуттук журналисттер союзунун төрагасы Сергей Томиленко “үч телеканалдын ишмердигине сотсуз жана күтүүсүз тыюу салуу - өзгөчө абал” деп билдирди.

Украинанын маданият жана маалыматтык саясат министри Александр Ткаченко аталган телеканалдар орусиялык пропаганданын куралы болгонун белгилеп, чечим өз убагында чыкканын билдирди.

Виктор Медведчук Украинадагы орусиячыл саясатчылардын бири. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилеси жакшы саясатчы катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG