Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Чаткалда зордуктоого кабылып келген жигиттин арызы боюнча териштирүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чаткалда милиция зордукталганын айткан баланын арызы боюнча териштирүү баштады. Бул маалыматты 2-февралда «Азаттык» радиосуна Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Милициянын маалыматына караганда, 20 жаштагы эркек бала арыз менен кайрылып, 2011-жылдан бери аны алгач бир тууган эки бөлөсү, кийин башка дагы бир бала күч колдонуп зордуктап келишкенин билдирген. Аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Материалдар Чаткал райондук милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 162-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Кыргызстанда жыныстык зомбулукка кабылган балдардын 80% мындай кордукту адатта өз жакындарынан жана тааныштарынан көрөрүн жакында өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлаган.

ИИМ ата-энелерди балдарына сак жана жоопкерчиликтүү болууга, аларды жеке коопсуздук эрежелерине үйрөтүүгө чакырган. Ошону менен катар баланын чөнтөк телефонуна ыкчам жардам үчүн «Менин аймактык милиция инспекторум» же «112 Кыргызстан» тиркемелерин жүктөп берүү керек экенин кошумчалаган. (TB)

XS
SM
MD
LG