Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Мьянманын кулатылган лидери Аун Сан Су Чжи 15-февралга чейин камалды


Аун Сан Су Чжи
Аун Сан Су Чжи

Мьянманын полициясы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кулатылган лидери Аун Сан Су Чжиге карата айып такты. Ага ылайык, 15-февралга чейин камакта болот. 1-февралда Мьянманын армиясы өлкөдөгү бийликти басып алган. Нобель сыйлыгынын ээси Су Чжи кармалып, демократиялык башкаруу үзгүлтүккө учураган. Бул аскердик кутумду АКШ, бир катар батыш өлкөлөрү айыптады.

Полициянын маалыматы боюнча, 75 жаштагы саясатчынын Нейпйидо (Нейпьидо) шаарындагы үйүндө рациялык байланыш каражаты табылганын кабарлашты. Рация мыйзамсыз жана уруксатcыз колдонулуп жүргөнү айтылды.

Ошондой эле өлкөнүн президенти Вин Мьинге болсо табигый кырсыктардын кесепетин жоюуда мыйзам бузганы кабарланды.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул мамлекетти армия ондогон жылдар бою көзөмөлдөп келген. Демократиялык реформалар 2011-жылы башталган. 2015-жылы Су Чжи 15 жылдык үй камагынан чыгып, бийликке келгенден кийин деле аскер башчылар саясий жана экономикалык салмагы менен таасирин сактап калган.

Кезинде Мьянманын аскердик бийлигине каршы күрөшү үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган Су Чжи өлкөнүн батышындагы Ракхайн штатында рохинжа мусулмандарына карата саясатынан улам сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG