Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Депутат Нышанов: "Ата Мекен" партиясынан кетип жатам


Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

"Ата Мекен" партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышанов бул партиядан чыгып жатканын жарыялады. Бул тууралуу депутат бүгүн, 4-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирди:

""Ата Мекен" партиясынын катарынан чыгып кетип жатам бүгүн. Ал эми депутаттык ишимди жана фракциядагы иштеримди жүргүзө берем".

Нышанов 2005-жылы III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси менен алгач 2012–жылы бешинчи чакырылышка, 2015-жылы азыркы алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. "Ата Мекен" 11 депутаттан турат. (RK)

XS
SM
MD
LG