Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Калиевага карата кызматынан пайдаланган деген негизде териштирүү башталды


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Улуттук коопсуздук комитети Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирди.

Маалыматка караганда, Калиева райондук соттун мурдагы төрагасынын жараяндардын бириндеги мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырган деп шек саналууда. Атайын кызмат судья кесиптештерине компромат чогултуп, тартылган видеолорду Интернетке жарыялаган деп эсептейт. Анын аты-жөнүн жазган эмес.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы Кылмыш кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон кылмыш ишин 3-февралда сотко чейинки өндүрүшкө алганы белгилүү болду.

Жогорку сот жана анын төрайымы Гүлбара Калиева УКМКнын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Бул - Калиевага карата экинчи кылмыш иши боюнча шек саноо. Мурдараак Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу тууралуу сунуштаманы Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына жөнөткөн.

Ага дейре УКМК Калиева коррупцияга шек саналып жатканын билдирген. Аны жазага тартуу максатында Тартип комиссиясына сунуштама берүү жөнүндө Башкы прокуратурага өтүнүч келтирген. Буга чейин Тартип комиссиясы сунуштама келип түшкөнүн билдирген. Иш качан каралары беймаалым.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Жогорку сотто коррупциялык схема аныкталганын, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе төрайым Гүлбара Калиева камакка алынарын айткан.

Калиева өзү «Азаттыкка» Ташиевдин айткандарына далил табылбай жатканын маалымдаган.

Ал 2018-жылдын сентябрынан бери Жогорку сотту башкарып келатат. (NT)

XS
SM
MD
LG