Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:22

Зеленский: Телеканалдарга киргизилген санкция сөз эркиндигине шек келтирбейт


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский үч телеканалга санкция киргизүү боюнча чечим сөз эркиндигине коркунуч келтирбейт деп ишендирүүдө. Бул тууралуу президент журналисттер менен жолуккан учурда билдирди. Зеленскийдин басма сөз кызматы "бул чечимдин башка телеканалдарга тиешеси жок. Украинада бүгүн сөз эркиндиги менен медиа бизнеске эч кандай коркунуч жок",-деп билдирүү таратты.

Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов өлкөдөгү башка «антиукраиналык каналдарга» мындай санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин эскертти.

2-февралда украин президенти Владимир Зеленский орусиячыл «Жашоо үчүн-Оппозициялык платформа» партиясынан Жогорку Раданын депутаты Тарас Козакка, «112 Украина», News One жана ZIK телеканалдарына санкция киргизген. Украин бийлиги аларды орусиялык пропаганданын куралы болуп келген деп эсептейт.

Бул каналдарга расмий түрдө Козак ээлик кылганы менен иш жүзүндө оппозициячыл саясатчы Виктор Медведчукка караштуу экени айтылып келет.

Виктор Медведчук Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакшы мамиледеги саясатчы катары белгилүү. Анын орус жетекчилиги менен бир нече жолу жолукканы Орусияда сынга алынган болчу.

Санкцияларга ылайык, телеканалдардын активдери камакка алынып, соода операцияларына чектөө киргизилет. Ошондой эле телепрограммаларды ретрансляциялоо боюнча кызмат көрсөтүү токтотулат.

Президенттин чечимин телеканалдардын жетекчилиги сынга алып, бийликке макул болбогондордон саясий өч алуу катары баалашты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын бийлигинин аракетин айыптап, эл аралык уюмдарды көңүл бурууга чакырды.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррелдин кеңсеси да билдирүү таратты. Анда «Украинанын улуттук коопсуздугу жана аймактык бүтүндүгү, маалыматтык манипуляциядан коргоо мыйзамдуу болуп саналса да, бул сөз эркиндигин чектөөнүн эсебинен болбошу керектиги» эскертилген.

XS
SM
MD
LG