Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Канада "Орус империялык кыймылы" уюмун террорчул уюм деп тапты


Канаданын бийлиги “Орус империялык кыймылын” террорчул уюм деп тапты. Бул тууралуу өлкөнүн коомдук коопсуздук министри Уильям Блэр кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган уюм 12 уюмдун катарында Канадада ишмердик жүргүзүүсүнө тыюу салынды. Алардын ичинде радикалдык ислам уюмдары, америкалык ультра-оңчул "Proud Boys" уюму бар.

“Орус империялык кыймылы” Санкт-Петербургда негизделген. Былтыр жазында АКШ аны террордук уюмдардын тизмесине кошкон. Ал учурда эмне себептен мындай чечим кабыл алынганы расмий түшүндүрүлгөн эмес. Уюм ыктыярчыларды даярдап, Донбасска орусиячыл жикчилдерди колдоо үчүн тыюу салынышы мүмкүн экени кабарланган. Батыштагы маалымат каражаттары уюм орус бийлиги менен түздөн-түз байланышы болбосо да, анын ишмердигине тыюу салынган эмес.

Уюмдун программасында пост-советтик аймактагы өлкөлөрдү өзүнө кошуу менен Орус империясын калыбына келтирүү максатын көздөрү айтылган.

XS
SM
MD
LG