Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

Бишкектин көчөлөрүнө быйыл 1,5 миллион гүл отургузулат


Гүлдүн отургузууга даярдалып жаткан көчөттөрү.

Бишкекте шаар көчөлөрүн гүл отургузуп кооздоого камылга көрүлө баштады. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, январь айында "Бишкекзеленхоз" ишканасынын атайын күнөсканаларында түрдүү бир жылдык гүлдөрдүн үрөнү себилген. Азыр алардын баары көчөт болуп, отургузууга даярдалууда.

Апрель айынын орто ченинде алгач Жеңиш аянты кооздолот. Биринчи этапта 400 миң көчөт отургузулат.

Жалпысынан быйыл жазында борбор калаанын жашылдандыруу чарбасы шаардагы төрт районго 1 миллион 400 миң гүлдүн көчөтүн отургузууну пландоодо. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG