Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Жейми Флай “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенттигине кайтып келди


Жейми Флай
Жейми Флай

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенттигине жана башкы аткаруучу директорлугуна Жейми Флай кайтып келди. Мындай чечимди медиакорпорациянын Директорлор кеңеши кабыл алды. Флай кызматка 16-февралдан тартып киришет. Ал медиа мекемени буга чейин да башкарып, 2020-жылы кызматтан кеткен.

“Ушул оор учурда медиакорпорацияны башкаруу үчүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенттигине кайрадан кайтканыма кубанычтамын” деп билдирди Флай.

Ал пандемия жана башка сыноолор шартында калыс жана объективдүү маалымат жеткирип жаткан радионун журналисттери менен сыймыктанарын кошумчалады.

Жейми Флай “Эркин Европа/Азаттык” радиосун 2019-жылы башкарып, былтыр июнь айында отставкага кетерин жарыялаган. Аны кызматтан алуу тууралуу чечимди АКШнын Глобалдык медиа агенттигинин ал кездеги директору Майкл Пэк кабыл алган.

Флай тышкы саясат боюнча адис. Ал буга чейин Герман Маршалл фондунда, АКШнын Конгрессинде ар кыл кызматтарды аркалаган.

"Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти болуп турган учурда бир катар өлкөлөрдүн бийлигинин журналисттердин укугун чектөө аракетин сынга алып келген.

"Эркин Европа/Азаттык” радиосу Чыгыш, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азиядагы 23 өлкөдө 27 тилде ар кыл платформаларда маалымат таратат.

XS
SM
MD
LG