Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Навальныйга козголгон дагы бир иш сотто каралууда


Алексей Навальный сот залында.
Алексей Навальный сот залында.

Москванын Бабушкинский сотунда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үстүнөн сот жараяны өтүп жатат. Бул жолу сотто саясатчы "Экинчи Дүйнөлүк согуштун 95 жаштагы ардагерине жалган жалаа жапты” деген арыз каралууда.

Бул иш боюнча жараян былтыр башталган. Кийин Алексей Навальный ууландырылып, Германияда дарыланып жатканына байланыштуу убактылуу токтоп турган. Эми оппозиционер Орусияга кайтып келип, камакка алынган соң иш кайра карала баштады.

Бул арыз боюнча Алексей Навальныйга кылмыш иши 2020-жылы июнь айында козголгон. Анда саясатчы Орусиянын Баш мыйзамын өзгөртүүгө чакырган үгүт жарнамага катышкандарды “саткындар” деп атаган.

Сөзү жарнакка тартылган 95 жаштагы ардагер Игнат Артеменконун кадыр-баркына шек келтирилди деп Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгогон. Навальный тагылган айыпты моюнуна албай, бийлик ардагерди өз пайдасына колдонуп жатканын билдирди.

Орусияда жалган жалаа үчүн 7 миң доллар айып пул же 200 саат бою коомдук жумуштарга милдеттендирүү жазасы каралган. Жабыркаганы айтылган Игнат Артеменко сотко барган жок. Ал бардык медалдарын тагып алып, беткапчан үйүнөн Skype аркылуу байланышка чыкты. Сот залына алынып келинген Навальный «95 жаштагы адамды куурчак катары колдонууну» токтотууга чакырды.

Былтыр августта Томскиде «Новичок» тобунун уу заты менен ууландырылып, Германияда дарыланып жүргөн Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келген жеринен аэропорттон кармалып, эртеси күнү сот чечими менен бир айга камакка алынган. 2-февралда Москва соту Навальныйды «Ив Роше» боюнча шарттуу абак жазасынын эрежелерин бузду деп айыптап, дээрлик үч жылга жакын мөөнөткө эркинен ажыраткан.

Мындан тышкары 29-декабрда Тергөө комитети Навальный өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Анда саясатчыга Коррупцияга каршы фондуна которулган 356 миллион рублди өз пайдасына короткон деген айып тагылган. Бул берене боюнча Орусияда 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

Батыш өлкөлөрү орус бийлигинин Навальный боюнча чечимдерин айыптап, камактан чыгарууну талап кылып келет. Орусиянын бийлиги оппозициячыл саясатчыга куугунтук жүрүп жатканын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG