Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов жана Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов өз каалоосу боюнча кызматтан кетишти. Бул тууралуу 5-февралда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди:
"Экөө тең ден соолугуна байланыштуу жазган арызына ылайык кызматтан бүгүн кетишти. Экөө тең акыркы жарым жылдан ашык ооруп жүргөн экен. Өздөрүнүн суранычы болду".
Бекмаматов жана Абдраимов бул кызматтарга 2018-жылдын октябрь айында дайындалышкан. (RK)