Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Кыргызстанда эт өндүрүү арбыды


Кыргызстан. Бишкек шаарындагы "Ош" базары.
Кыргызстан. Бишкек шаарындагы "Ош" базары.

2020-жылы Кыргызстанда малдын жана тооктун эти жалпы алганда (союла турган мал жана канаттуулар тирүү салмагында) 420 524,5 тонна өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети баштапкы эсебин чыгаргандан кийин кабарлады.

Мекеме билдиргендей, 2019-жылы өлкөдө 413 541,6 тонна эт өндүрүлгөн. Узаган жылдагы көрсөткүч мындан 6-7 миң тоннага көптүк кылат.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы канча эт жана тирүү мал сатылганын тактай элек.

Кыргызстанда эт былтыр жай айларынан баштап кымбаттай баштаган. Алгач уй жана кой эти 350 сомдон 400 сомго чейин чыкса, кийинчерээк уй эти 410-450 сомдон, кой эти 380-450 сомго чейин көтөрүлгөн. Айрым жерлерде 500 сомдон ашкан.

Баалардын көтөрүлүшү өлкөдө малдын жана эттин экспорту өскөнү менен түшүндүрүлгөн. Жандыктардын сыртка сатылышы расмий эсепте бир нече эсе көбөйсө, расмий эмес эсеп андан да арбын экени айтылган. Анын ичинде мал негизинен Тажикстанга жана Өзбекстанга жөнөтүлгөн.

Бул жагдайга байланыштуу 2020-жылдын 19-ноябрында Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги социалдык маанилүү товарларды, анын ичинде тирүү малды сыртка экспорттоого убактылуу чектөө киргизүүнү сунуш кылган. Ошол учурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков бул боюнча жарлыкка кол коюп, малды сыртка чыгарууга алты айга тыюу салынган. Бул чектөө 2021-жылдын башында бир аптага алынып, кайра киргизилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG