Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Кыргызстандын өкмөтү авиакаттамдарды жандандыруу боюнча Орусияга өтүнүч келтирди


Улукбек Марипов менен Михаил Мишустин. Алматы, Казакстан. 6-февраль, 2021-жыл.
Улукбек Марипов менен Михаил Мишустин. Алматы, Казакстан. 6-февраль, 2021-жыл.

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугуп, эки өлкөнүн ортосунда авиакаттамдарды жандандыруу маселесин сүйлөштү. Бул тууралуу Марипов өзүнүн видео кайрылуусунда кабарлады.

Анын кабарлашынча орусиялык кесиптеши буга байланыштуу «кошумча маселелерди чечүүгө» убада берди.

Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Казакстандын Алматы шаарында 5-февралда өттү. Кеңешменин алкагында Марипов Беларус, Өзбекстан, Армения, Казакстан жана Орусиянын өкмөт башчылары менен жолугушту. Жыйын 6-февралда атайын форум менен уланган.

Мурдараак Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиянын Бишкектеги элчилиги эки өлкө ортосунда туруктуу каттамдар 8-февралдан тартып күчөтүлөрүн маалымдашкан. Анда Бишкек – Москва багыты боюнча «Авиа Траффик Компани» жана «Аэрофлот-орус авиалиниялары» компаниялары жумасына үч жолудан каттай турганы айтылган.

«Манас» эл аралык аэропортунун сайтында көрсөтүлгөндөй, 8-февралга карата «Аэрофлот-орус авиалиниялары» компаниясынын эки гана каттамы турат. «Авиа Траффик Компани» компаниясынын чет жакка кетчү учагы бул күнгө жадыбалда жок.

Былтыр коронавирус пандемиясы башталгандан кийин авиакаттамдар дээрлик токтоп калган. Кийин аба байланышы уланганы менен соңку мезгилге чейин жалаң чартердик учактарга уруксат берилген. Авиакомпаниялар да өз каттамдарын күнүмдүк эмес, жалданган учак катары жадыбалга коюп келет. Ошого байланыштуу билеттердин наркы 30-40 миң сомдон 60-70 миң сомго чейин чыккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG