9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз -2…+3;
Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 0…5;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 1…3 градус болот.