Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

АКШдагы элчилик кызматка Бактыбек Аманбаевдин талапкерлиги каралууда


Бактыбек Аманбаев.
Бактыбек Аманбаев.

Өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси Бактыбек Аманбаевдин талапкерлиги Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилик кызматына сунуш кылынып жатат. Бул тууралуу маалыматты 10-февралда “Азаттык” радиосуна Аманбаев өзү тастыктап, президент Садыр Жапаровдун макулдугу бар экенин, эми АКШ тараптан жооп болушу керектигин билдирди:

“Бул жактан АКШнын макулдугун сурайт. Алар менин талапкерлигимди карап, эки-үч ай ичинде уруксатын бериши керек. Эгер берсе, ошондо кетет. Бул маселе Садыр Нуркожоевич менен каралып, макулдугу берилди. Бирок маселе бул жактан чечилбейт, АКШда чечилет”.

Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы болуп иштеген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Өкмөттүн аппаратын ошол жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин быйыл февралга чейин жетектеди.

Азыр Кыргызстандын АКШдагы элчилигин Болот Отунбаев жетектейт. Ал бул кызматка 2019-жылдын январь айында дайындалган. (BTo/RK)

XS
SM
MD
LG