Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Нурсултан Акылбек: Баш мыйзамдын долбоору эң сабатсыз түзүлдү


Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

Жарандык активист Нурсултан Акылбек Кыргызстандын Баш мыйзамынын жаңы иштелип чыккан долбоору келечекте көйгөй жаратышы ыктымал деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 10-февралда “Азаттык” радиосунун конституциялык реформа боюнча талкуусунда сүйлөп жатып айтты:

“Эң сабатсыз Конституция болуп түзүлүптүр. Бир эле түшүнүктүн үч-төртөөсү кайталанып, юридикалык терминдер жок. Сыйлоо, урматтоо, Моралдык кодекс дейт… Моралдык кодекс бизде кодификация болгон эмес да. Менимче, бул келечекке карай чоң миналарды калтырып кетет”.

Нурсултан Акылбек конституциялык реформаны жүргүзүүгө мөөнөтү өткөн парламенттин да, президенттин милдетин аткарып жаткан адамдын да укугу жок болчу деген пикирин кошумчалады.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев мындай сын негизсиз экенин белгилеп, мамлекет жалаң гана укуктук эмес, адеп-ахлак нормалары менен да башкарыларын, президенттин милдетин аткаруучуга мамлекет башчынын ыйгарым укуктары толугу бойдон берилерин, кеңешменин иши мыйзамдуу болгонун айтты. Анын белгилешинче, Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген чакырылышынын биринчи жыйыны өткөндө гана ага чейинки чакырылыштын мөөнөтү бүттү деп эсептелинери мыйзамда жазылган.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын сексен депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ошол эле дата (2020-жылдын 17-ноябры) менен конституциялык кеңешме жакында эле иштеп чыккан Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлганы белгилүү болду. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүндө эки айдан ашуун иштеген конституциялык кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген. Аталган кеңешме президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген бул долбоорду 27-январда кабыл алган.

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун кароого 17-февралда киришет. Бул тууралуу 10-февралда парламенттин жалпы жыйынында төрага Талант Мамытов билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG