Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

"Интерфакс": Юлия Навальная Орусиядан чыгып кетти


Камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аялы Юлия Навальная. 1-февраль, 2021-жыл.
Камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аялы Юлия Навальная. 1-февраль, 2021-жыл.

Кремлдин келишкис сынчысы, камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аялы Юлия Навальная Германияга чыгып кеткенин «Интерфакс» басылмасы өз булактарына таянып жазды. Орусиялык агенттик Навальная Франкфурт шаарына учуп кеткенин кошумчалады.

Оппозициячыл саясатчынын аялы өзү бул тууралуу эч нерсе билдирген жок. Анын адвокаты Светлана Давыдова ТАСС агенттигине эч кандай маалыматы жок экенин айткан.

Юлия Навальная 23-январда жана 31-январда Орусияда өткөн каршылык акцияларына катышкан. Алгачкысында аны полиция кармап кетип, 20 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирип, коё берген.

27-январда «Автозаводская» метросунун жанында жайгашкан ал жашаган батирде тинтүү жүргүзүлгөн.

Навальная Москвага 17-январда күйөөсү менен кошо Германиядан келген. 44 жаштагы Навальный ошондо дарылануудан келери менен камалган.

2-февралда Москва соту анын «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кести. Анын камалышына каршы чыккан миңдеген адам кармалды.

XS
SM
MD
LG