Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

Польшада белгилүү укук коргоочуга айып тагылды


Бойдон алдырууга тыюу слаган мыйзамга каршы акция. 2021-жылдын 20-январы
Бойдон алдырууга тыюу слаган мыйзамга каршы акция. 2021-жылдын 20-январы

Польшада аялдардын укуктарын коргогон кыймылдын лидерине кылмыш иши козголду. Кыймыл аборт кылууга дээрлик толук тыюу салган мыйзам долбооруна каршы ири акцияларды уюштурган. Марта Лемпарт ага Варшава прокуратурасы айып такканын 10-февралда билдирди. Активист муну анын “Аялдардын иш таштоо” тобуна басым көргөзүү аракети катары баалады. Лемпартка полиция кызматкерине акаарат келтирүү, пандемия маалында акцияны уюштуруу менен эпидемиологиялык кооптуу абал жаратуу деген айыптар тагылып жатат.

Польша мыйзамдарына ылайык андай айып үчүн 8 жылга чейин абакка кесүү каралган. Европа биримдиги оңчул премьер Матеуш Моравецкинин тушунда демократиялык нормалар бузулуп жатканына нааразылыгын билдирип келатат.

Былтыр октябрда башталган демонстрациялар коммунизм кулагандан берки эң массалык акциялар болуп калды.

XS
SM
MD
LG