Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Трамптын импичменти боюнча добуш берүү болот


Дональд Трамп. Архивдик сүрөт.
Дональд Трамп. Архивдик сүрөт.

АКШ Сенатында бүгүн, 13-февралда мурдагы президент Дональд Трампка каршы импичмент боюнча сот отуруму уланып, чечим чыгышы пландалууда.

Жума күнү Трамптын адвокаттары аны актаган жүйөлөрүн айтып чыгышты.

Андан соң эки тарапка тең кайчы суроолор берилди.

Трамп өзү бул сот отурумуна катышуудан баш тартып койгон.

Доналд Трамп ушуну менен экинчи жолу импичмент жүрүмүнө кабылып жатат. 2020-жылы февралда АКШ Сенаты, Өкүлдөр үйүнөн айырмаланып, Трампты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана АКШ Конгрессинин тергөө ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп табуу тууралуу доону четке каккан.

XS
SM
MD
LG