Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” акциясы өтүп жатат


“Акыйкаттык үчүн” маршынын катышуучулары. 2021-жылдын 14-февралы.
“Акыйкаттык үчүн” маршынын катышуучулары. 2021-жылдын 14-февралы.

Бишкекте бүгүн, 14-февралда “Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршы башталды. Марштын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянты көздөй жүрүшкө чыгарын билдиришти. Ушу тапта акцияга 500дөн ашуун адам чогулду.

“Баштан башта” кыймылынын өкүлү Улан Үсөйүн жүрүштүн уюштуруучусу жарандык коом экенин билдирди жана жарандар мамлекетти көзөмөлгө алганды, талап койгонду үйрөнгөндө гана өлкө өнүгөрүн, өзгөрөрүн белгиледи.

Акциянын катышуучулары. 2021-жылдын 14-февралы.
Акциянын катышуучулары. 2021-жылдын 14-февралы.

Акциянын катышуучулары “Биз өнүккөн өлкө үчүн!”, “Биз жаркын келечек үчүн!” “Мыйзамдуу өлкө үчүн!” деген ураандарды айтып, бажыдагы коррупция боюнча иштер калыс иликтениши зарыл экенин белгилеп жатышат.

Уюштуруучулар жүрүш бир саат уланарын, аянтта иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү жана мамлекеттик гимнди аткаруу менен жыйынтыкталарын айтышты.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. (RK/AiB/GT)

XS
SM
MD
LG