Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Жапонияда жер титирөөдөн кеминде 150 адам жабыркады


Жапония. 2021-жылдын 14-февралы.
Жапония. 2021-жылдын 14-февралы.

Жапонияда ишемби күнкү жер титирөөдөн кеминде 150 адам жабыркап, түрдүү жараат алышты. Бул тууралуу 14-февралда өлкөнүн коомдук телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү 7,3 баллга жетти. Жабыркагандардын көбү – Мияги жана Фукусима префектураларынын тургундары.

14-февралга караган түнү Тынч океанда, Фукусима префектурасынан түндүк-чыгыш тарапта болгон жер титирөө кеминде он префектурада сезилди.

2011-жылдын жазында Жапониянын түндүк-чыгыш жээгинде тогуз баллга жеткен жер титирөөдөн кийин пайда болгон топон суу 15 миң адамдын өмүрүн алып кеткен жана "Фукусима-1" атомдук станциясын жарактан чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG