Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Сооронбай Жээнбеков Бишкекке кайтып келди


Сооронбай Жээнбеков. Иллюстрациялык сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков. Иллюстрациялык сүрөт.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстанга кайтып келди. Бул маалыматты 15-февралда "Азаттык" радиосунун өз булактары тастыкташты.

Жээнбеков жубайы менен Сауд Арабиясына умрага жөнөп кеткени 2-февралда белгилүү болгон.

Сауд Арабиясынын падышасынын чакыруусу боюнча уюштурулган бул сапар 2020-жылдын ноябрынан бери пландалганы, умра сапары 10 күн уланып, ал кайра Бишкекке кайтып келери айтылган.

Соңку күндөрү социалдык түйүндөрдө экс-президент күбө катары чакырылган сотко катышпоо максатында Кыргызстанга кайтпай калганы тууралуу маалыматтар тараган.

Ал мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишине байланыштуу Бишкек шаардык сотуна 3-февралга чакырылган.

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда кызматын тапшырып берген.(RK)

XS
SM
MD
LG