Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Бишкекте “Баш мыйзамдагы кемчиликтер жана тобокелдиктер” иш-чарасы өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн, 15-февралда “Конституциядагы кемчиликтер жана тобокелдиктер” аттуу брифинг өтүп жатат.

“Кыргызстандын юристтер бирлиги” аттуу уюм уюштурган иш-чарага юристтер тобу катышып, өлкөдө жүрүп жаткан конституциялык реформага карата көз карашын билдиришти.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева буларды айтты:

“Конституциялык кеңешме башынан эле легитимсиз болгон жана форматы эл аралык практикага дал келген эмес. Конституциялык кеңешменин эң негизги максаты жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин кеңейтүү болчу. Ал эми алар чыгарган долбоордо жарандардын көптөгөн эркиндиктери жана укуктары кеңейтилбей эле, тескерисинче, чектелип жатат”.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын сексен депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген.

Кеңешменин төрагасы Бекбосун Борүбашев Баш мыйзамдын долбоорундагы беренелердин дээрлик 90% өзгөрүүгө учураганын “Азаттыкка” 10-февралда билдирген. Кеңешме өкүлдөрү коомдун бардык катмарларынын жана тийиштүү тараптардын пикири толук камтылганын, иш мыйзам чегинде жүргөнүн жана оппоненттердин айтканы негизсиз экенин белгилеп келет.

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун кароого 17-февралда киришкени жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG