Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Мьянмада аскердик төңкөрүштөн соң нааразылык акциялары токтобой жатат


Мьянманын бир нече шаарында аскердик төңкөрүштөн соң нааразылык акциялары өттү. Өлкө аймагында Интернет чектелип, абдан көп сандагы аскерлер тартылды.

15-февралда Мьянмадагы экинчи ири шаар саналган Мандалайда миңдеген инженерлер акцияга чыгып, бийликке нааразылыгын билдирди. Алар “Биздин лидерди бошоткула”, “Адилеттик үчүн ким турат?” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп, ураандарды чакырып жатты.

Мьянмада 1-февралда аскердик төңкөрүш болуп, Аун Сан Су Чжи баш болгон бийлик башындагылар камакка алынган. Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Су Чжинин партиясы өткөн жылдын ноябрь айындагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Бирок армиянын жетекчилиги шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнүн жүйө келтирип, бийликти кулаткан. Натыйжада тыюу салынган байланыш каражаттарын мыйзамсыз колдонгон деген кине менен Аун Сан Су Чжи камакка алынган.

Аскердик төңкөрүштөн соң өлкөнүн акыркы 10 жылдык тарыхындагы эң ири нааразылык акциялары өтүүдө.

XS
SM
MD
LG