Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

БУУ: Ооганстанда акыркы үч жылда 65 журналист, укук коргоочу өлтүрүлгөн


Ооганстанда орун алган теракттан бир көрүнүш
Ооганстанда орун алган теракттан бир көрүнүш

Соңку үч жылда Ооганстанда 65 журналист жана укук коргоочу-активист өлтүрүлгөн. Бул тууралуу 15-февралда чыккан Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамасында айтылат.

2018-жылдан 2021-жылга чейин 32 укук коргоочу жана маалымат каражаттарынын 33 өкүлү өлтүрүлгөн.

Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча БУУнун миссиясы жарыялаган баяндамада журналисттерге жана маалымат каражаттарында иштегендерге коюлган чабуулдар көптөрдү өздөрүн чектегенге же иштен кетүүгө аргасыз кылганы белгиленген. Айрымдар өзүнүн же үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетишкен.

Өлтүрүлгөндөрдүн арасында «Азаттык» радиосунун ооган кызматынын журналисти Мохаммад Ильяс Дайи да бар. Ал былтыр ноябрда өлкө түштүгүндөгү Гилменд провинциясында өлтүрүлгөн.

Эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ ооган өкмөтү жана «Талибан» кыймылынын жоочулары дээрлик 20 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында Катарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Ага карабай, Ооганстанда күн сайын кандуу чабуулдар уланып жатат. Сүйлөшүүлөр башталган сентябрь айынан бери атайылап жасалган кол салуулар күч алган. Бул убакыт ичинде 11 маалымат каражатынын өкүлү жана укук коргоочулар өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG