Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Коронавирус дүйнөдөгү карнавалдык иш-чараларга таасирин тийгизди


Германияда жыл сайын ушул убакытта өтчү куурчактардын парадынан бир көрүнүш
Германияда жыл сайын ушул убакытта өтчү куурчактардын парадынан бир көрүнүш

Коронавирус пандемиясы бир катар ири спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүүгө жолтоо болууда. Европа менен Америкада бул жолку карнавалдар да чектелип, кээ бир жерлерде оюн-зоокко тыюу салынды. Адатта бул маалда Бразилиядагы Рио-де-Жанейро же Германиядагы Кельн шаарларында карнавалдык майрамдар өтүп, бий жарыштары, параддар уюштурулчу. Быйыл эл чогулуп, майрамдык иш-чаралар өтчү ири жайлар эмдөө борборлоруна айландырылды. Айрым аземдер онлайн өткөнү жатат. Коронавирустан күнүнө миңдей кишинин өлүмү катталып жаткан Бразилияда эмдөө кечеңдеп жатат.

Адистер чектөөлөр менен катар коронавирустун жайылышын алдын алуунун бирден бир жолу эмдөө экенин белгилешет. Учурда бир катар өлкөлөрдө вакцинация уланууда. Британиянын бийлиги февралдын ортосуна чейин 15 миллион кишини эмдөө максатына жеткенин жарыялады. Жекшембиде премьер-министр Борис Жонсон “Твиттердеги” видео кайрылуусунда бул жетишкендикти “маанилүү учур” деп сыпаттады.

АКШнын Илдеттердин алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору маалымдагандай, азыркыга чейин дээрлик 53 миллион киши эмделди. Муну менен катар инфекциялангандар азаюуда. Бир нече айдан бери биринчи жолу вирусту жугузуп алгандар бир күндө 100 миңден ашкан жок. Бирок бийлик беткап тагынып жүрүү эрежесин алууга дагы эрте деп эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG