Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Өкмөт үйүнүн алдында чек ара боюнча акция бүгүн да уланууда


Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу өтүп жаткан акция. 2021-жылдын 15-февралы.
Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу өтүп жаткан акция. 2021-жылдын 15-февралы.

Өкмөт үйүнүн жанында бүгүн, 16-февралда чек ара маселесине байланыштуу пикет уланды. Отуз чакты адам өкмөттөн чек ара тилкелерин тактоо ишин тездетүүнү талап кылышты.

Алар колуна “Делимитация жана демаркация комиссиясына картаны билген адистер дайындалсын”, “Элди кыйнабагыла” деген жазууларды кармап турушту.

Соңку күндөрү Баткендин Баткен жана Жалал-Абаддын Ала-Бука райондорунда Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган.

Чек ара маселесине арналган акция Өкмөт үйүнүн алдында 15-февралда да өткөн.

Ошол эле күнү өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев март айынын биринчи декадасында кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өтөрүн билдирген жана кыргыз тараптын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жетектей турганын, курамында бардык тийиштүү тармактардын өкүлдөрү болорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG