Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат


Жамал Сейдакматова менен коштошуу.
Жамал Сейдакматова менен коштошуу.

Бишкекте бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын алдына уюштурулган коштошуу иш-чарасына расмий бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев жана чыгармачыл интеллигенция, маркумдун жакындары катышууда.

Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 16-февралда 82 жаш курагында көз жумду.

Сейдакматова «Кыргыз керемети» деп аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. 1989-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке менчик «Туңгуч» театрын ачкан. 2016-жылы Лондондо эл аралык театр фестивалында ага «Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы» номинациясы берилген. 2003-жылы III даражадагы «Манас» ордени, 2019-жылы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Алтын медалын алган.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.(MJ)

XS
SM
MD
LG