Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны өтөт


НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери 17-февралда эки күндүк жыйынга чогулушат. Коронавирустан улам онлайн уюштурулган жыйындын башкы сабына Түндүк Атлантикалык альянстын Ооганстандагы миссиясынын келечеги, Кытай жана Орусиянын аскердик таасиринин артышына байланыштуу маселелер чыгышы мүмкүн. Ошондой эле бирикмени өнүктүрүү боюнча реформалардын планы да талкууланат.

Жыйын АКШ президенти Жо Байден кызматка киришкенден бери биринчи жолу өтүүдө. Буга чейин Байден Кошмо Штаттары менен «Талибандын» ортосундагы келишимди карап чыгарын билдирген. Анын алкагында, "Келишимдин шарттарын талибдер толук аткарып жатабы?" деген суроо талданат.

2020-жылдын февраль айында АКШ жана «Талибан» узак жылдардан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, 2021-жылдын май айына чейин АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши керек.

Бул үчүн «Талибан» зомбулукту токтотуп, «Ал-Каида» сыяктуу террорчул топтордон колун үзүшү керек болчу. Бирок бул келишимге жана Катарда башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карабай кийинки убакта Ооганстанда жайкын тургундарга каршы зомбулук, кол салуу, ар кыл жардыруулар көбөйүүдө.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг быйыл май айында Ооганстандан аскерлерди чыгаруу үчүн «Талибан» келишимдин шарттарынан да көп нерсеси жасашы керектигин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG