Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Ош шаардык кеңеши ОшМУга Каныбек Исаковдун атын берүүнү сунуштады



Каныбек Исаков
Каныбек Исаков

Ош шаардык кеңеши мурдагы министр Каныбек Исаковдун атын Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) ыйгарууну Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу 18-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги 38-сессиясында маселе коюлуп, 45 депутаттын 29 макул болду.

Буга чейин Ош мамлекеттик университетинин мугалимдер жамааты Каныбек Исаковдун атын ОшМУга ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Ош шаардык кеңешинин токтому эми Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлөт.

Былтыр 3-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Каныбек Исаковдун ысымын Ош мамлекеттик университетине ыйгарууну парламенттин жыйынында көтөргөн эле.

51 жаштагы Каныбек Исаков 2020-жылдын 12-ноябрында коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония оорусунан кайтыш болгон.

Каныбек Исаков 2006-2011-жылдарда Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору болсо, 2011-2019-жылы ОшМУнун ректору кызматын аркалаган. Ал ОшМУнун заманбап өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуу аркылуу билим-илим чөйрөсүнө реформатор ректор катары таанылган.

2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген. Бул кызматта ал Кыргызстандын билим берүү тармагына чоӊ өзгөрүүлөрдү алып келген жетекчи, үзүрлүү эмгектенген илимпоз жана коомдук ишмер катары белгилүү болгон. (MrA\ErN)

XS
SM
MD
LG