Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Ош шаарынын казынасы 2020-жылга салыштырганда дээрлик өскөн жок


Ош шаары.
Ош шаары.

18-февраль күнү Ош шаардык кеңеши 2021-жылга калаанын казынасын бекитти. Ага ылайык шаар бюджети 1 млрд 357 миллион сом болду. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 32 млн. сомго гана көп.

Шаардык кеңештин депутаттары сунушталган бюджетти жактырышты. Каражаттын эң көп бөлүгү 29,8 % - турак жай жана коммуналдык чарбага, 29,2 % - билим берүү тармагына жана 22,2 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга, эң аз акча (0,5 %) коргонуу тармагына жумшалат.

Ош шаарынын казынасы 2017-жылдан тартып жыл сайын өсүү үстүндө келип, 2020-жылы мурунку жылдагыдан дээрлик 200 миллион сомго көп болуп бекитилген эле. Анын себеби киреше салыгы жергиликтүү казынага да бөлүнө баштаганынан улам болгон.

Ош жана Бишкек - республикалык маанидеги шаарлар болгону менен Оштун бюджети Бишкектикинен дээрлик 10 эсе аз. Анын себебин адистер көмүскө бизнестин кулач жайганына, салыктан качкан жарандардын көптүгүнө жана бюджетти толтуруучу ири ишканалардын жоктугуна байланыштырат. (MrA/DU)

XS
SM
MD
LG