Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

"Фейсбук" Австралияда соцтармакка жаңылыктарды жайгаштырууга тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Фейсбук" Австралиядагы колдонуучуларын социалдык тармакка жаңылыктарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. 18-февралдан тартып Австралиянын аймагындагы колдонуучулар аталган социалдык тармакка маалымат каражаттарынын жаңылыктарын бөлүшүп, жарыялай албайт. Ошондой эле социалдык тармактагы маалымат каражаттарынын баракчалары да өчүрүлдү.

"Фейсбук" мындай чечимди Австралиянын бийлиги социалдык тармакка жайгаштырылган жаңылыктардан түшкөн кирешеден салык алуу ниетинен соң кабыл алды. Бийлик компания өз кирешесинен маалымат каражаттарына салык төлөшү керек деп эсептейт.

Австралиянын саламаттык сактоо министри Грег Хант "Фейсбуктун" акыркы чечимин түшүнбөй жатканын билдирди. Акыркы чектөөдөн улам айрым мамлекеттик кызматтардын баракчалары да өчүрүлгөн.

Эгер Австралия бийлиги көздөгөн мыйзам кабыл алынса "Google" компаниясы да бул өлкөнүн аймагында өз издөө системасын жабарын эскерткен.

"Фейсбук" -дүйнөдөгү ири социалдык тармактардын бири, ага "Facebook Inc." компаниясы ээлик кылат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG