Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Аба ырайы: 21-февралда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат


Кыргызстандын Токтогул өрөөнүнөн кышкы бир көрүнүш (Фото С.Абдумомуновдуку)
Кыргызстандын Токтогул өрөөнүнөн кышкы бир көрүнүш (Фото С.Абдумомуновдуку)

Кыргызгидромет коңгуроо кагууда: 26-февралга чейин көпчүлүк аймактарда күн кескин сууктап, көпчүлүк аймактарда кар, жаан жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жүрүп, ашууларда кар көчкү түшүшү ыктымал. Кээ бир тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу зарыл, айдоочулар кыймылдын ылдамдыгын мүмкүн болушунча чектөөгө тийиш.

21-февралда көпчүлүк аймактарга кар түшүп, жаан жаайт. Абанын температурасы:

Талас, Чүй облустарында түнкүсүн -4...+3, күндүз 0…+5;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Бийик тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн -18...-23 градуска чейин сууктап, күндүз -2…-7 болот;

Бишкек шаарында жааган жаан суу карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +3…+5 градустун тегерегинде болушу күтүлүүдө;

XS
SM
MD
LG