Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Аба ырайы: 24-февралда кар жаайт


"Кыргызгидромет" ишканасы шашылыш билдиргендей, 26-февралга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоо этектерине, тоолуу райондорго кар калың түшөт.

Жолдор тайгак болуп, тоңголок тартат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн -10-18 градуска чейин сууктайт.

24-февралда түнкүсүн Бишкектен башка бардык аймактарда жаан жаап, кар түшөт. Күндүз Бишкекте да жаан жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -4…1, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн -4…1, күндүз 6…11 градус жылыйт.

24-февралда Бишкек шаарында жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…1°, күндүз 4…6 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG