Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

АКШ Конгрессинин өкүлдөрү Грузиянын оппозиция лидерин бошотууга чакырышты


Грузин оппозициясынын лидери Ника Мелия. 2020-жылдын октябры
Грузин оппозициясынын лидери Ника Мелия. 2020-жылдын октябры

Кошмо Штаттардын Конгресс мүчөлөрү Грузиядагы оппозиция лидеринин кармалышы жана анын партиясынын кеңсесинде жүргөн тинтүү боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Алар ошондой эле Ника Мелия баштаган саясий туткундарды токтоосуз бошотууга чакырышты.

Конгресс мүчөлөрүнүн 23-февралда таратылган билдирүүсүндө ошондой эле Грузиядагы баардык саясий партияларды чагымчыл аракеттерди токтотуп, кризисти тынч чечүү боюнча сүйлөшүп алууга үндөштү.

Эл аралык мунапыс уюму Мелиянын күч колдонуп камалышы боюнча тынчсыздануусун билдирип, анын камалышынын саясий мүдөөсү бар экенин кошумчалады.

Грузин полициясы 23-февралда таңга маал оппозициячыл саясатчынын кеңсесине кирип, көздөн жаш чыгарчу газ чачуу менен тинтүү жүргүзүп, кабинетинде баррикада куруп, ичинен бекинип алган Ника Мелияны кармап кеткен.

«Бирдиктүү улуттук кыймыл» оппозициячыл партиясын жетектеген Мелия 2019-жылдагы нааразылык жыйыны маалында тополоң уюштурган деп айыпталып, соттун чечими боюнча күрөө төлөп, электрондук билерик тагынып жүрүүгө милдеттендирилген.

Бирок ал былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык иретинде күрөөнү төлөөдөн баш тартып, электрондук билеригин да чечип салган.

Өткөн жумада сот күрөөнү төлөбөгөнү үчүн камакка алууну өкүм кылган. Бирок Ички иштер министрлиги оппозициячыл саясатчыны камабай турууну чечкен.

4 миллионго чукул калкы бар Грузияда саясий кырдаал былтыр ноябрда өткөн шайлоодон бери курчуп турат. Анда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы алдыга озуп чыккан. Оппозициячыл партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартышкан эле.

XS
SM
MD
LG