25-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -6…-11;
Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз -6…-11;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -7…-12;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус болот.
Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -6…-8 градус болот.