Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Коронавирус болуп ооруканада жаткандардын 98% абалы оор деп бааланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын дээрлик 98 пайызынын абалы оор. Бул тууралуу 25-февралда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, алардын абалын дарыгерлер орточо оор, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат.

Ооруканада жаткан 358 адамдын бешөөнүн гана абалы канааттандырарлык.

77 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 менен ооруканада жаткандардын 21,5% түзүүдө.

Бейтаптардын 5% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 18 адам.

Мындан тышкары 258 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 72% барабар.

Коронавирус жуккан кыргызстандыктардын жалпы саны 86 091 кишиге жетти, алардын 1463ү каза болду.

Кыргызстанда былтыр март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG