Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

26-февралдын аба ырайы


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

26-февралда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10;

Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз -5…-10;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -15…-17, күндүз -6…-8 градус болот.

XS
SM
MD
LG