Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:05

Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков Украинада алтын медаль тагынышты


Yзүр Жусупбеков ортодо. Киев шаары, Украина. 2021-жылдын 27-февралы.
Yзүр Жусупбеков ортодо. Киев шаары, Украина. 2021-жылдын 27-февралы.

Ушул күндөрү Киев шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбандары Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков алтын байгенин ээси болушту.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, аталган балбандардан сырткары кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу коло байгеге арзыды.

Жуманазарова 27-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалда канадалык Оливия Ди Баккону жеңди (1:1).

Ал финалдык таймашка чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач 1/8 финалда украиналык Алла Черкасованы, чейрек финалда польшалык Анжелика Виежчек-Кордусту (9:7), жарым финалда болгариялык Юлиана Яневаны жеңип алган (9:6).

Грек-рим күрөшүнөн 97 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Үзүр Жусупбеков финалда күрөшпөй жеңишке жетти. Ал алгач болгариялык балбандар Кирилл Милов (6:5) менен Марян Мариновду (8:0), жарым финалда армениялык Артур Алексанянды жеңип, финалга чыккан. Финалда грузиялык Гиорги Мелия килемге чыкканы менен күрөшүүдөн баш тарткандыктан кыргыз балбаны жеңүүчү деп жарыяланды.

Мээрим Жуманазарова. Индиянын Нью-Дели шаарында. 2018-жыл, 18-июль. (Фото архивден)
Мээрим Жуманазарова. Индиянын Нью-Дели шаарында. 2018-жыл, 18-июль. (Фото архивден)

Бул күнү финалдык таймашта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта кыргызстандык Айпери Медет кызы алтын байге үчүн күрөштө Эстониялык Мае Эппге жеңилип, күмүш медаль тагынды. Бир күн мурда Медет кызы украиналык Анна Мельникти 10:0, чейрек финалда венгриялык Наде Бернадетти 2:0, жарым финалда канадалык Олимпиада чемпиону Эрика Вейбени 67 секундда далысын килемге басып, таза жеңишке жетип, финалга чыккан эле.

Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келаткан кыздар - Айсулуу Тыныбекова, (оңдон экинчи), Мээрим Жуманазарова (солдон биринчи), Айпери Медет кызы (оңдон биринчи) машыктыруучу устаты Нурбек Изабеков менен. Сербия. Белград шаары. 2020-жылдын 12-18-декабры.
Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келаткан кыздар - Айсулуу Тыныбекова, (оңдон экинчи), Мээрим Жуманазарова (солдон биринчи), Айпери Медет кызы (оңдон биринчи) машыктыруучу устаты Нурбек Изабеков менен. Сербия. Белград шаары. 2020-жылдын 12-18-декабры.

Эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Бекболот Мырзаназар уулу коло байге үчүн таймашта грузиялык Роберт Дингашвилини 14:5 эсебинде жеңип алды.

Бүгүн 28-февралда финалдык бөлүктө дагы эки кыргыз балбаны күрөшөт. Кечээ, 27-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова үч атаандашын жеңип, финалда украиналык Ирина Прокопевнюк менен таймашууга мүмкүнчүлүк алды.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Жоламан Шаршенбеков төрт атаандашын ишенимдүү жеңип, алтын медаль үчүн ирандык Али Реза Нежати менен күрөшмөй болду. Күрөштүн ушул эле түрүнөн Кайрат Түгөлбаев (77 кг.) жана эркин күрөш балбаны Икромжон Хаджимуродов (61 кг.) 3-орун үчүн күчүн сынайт.

26-февралда башталган Украинанын балбандары жана машыктыруучуларынын элесине арналган грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдеш бүгүн, 28-февралда аяктайт. Ага 33 өлкөдөн 600гө жакын балбан катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG