Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Бишкекте автоунааны электрге өткөрүү маселеси талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте электр энергиясы менен жүрүүчү транспорттук каражаттарды пайдалануу маселеси талкууланган жыйын өттү. Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына караганда, электромобилдер боюнча талкууну уюштурууга Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы көмөктөшүүдө.

Адистер белгилегендей, Кыргызстанда абага түтүндүн зыян заттары кошулуусунда 28% үлүштү транспорт сектору түзөт, Бишкекте бул көрсөткүч 75% барабар. Коомдук автобустардын дээрлик баары дизелдик май менен жүрөт.

Электромобилдерди пайдалануу боюнча негизги тоскоолдуктар – баасынын өтө кымбаттыгы, энергияны толтуруучу инфраструктуранын жана техникалык шарттын, мамлекеттик колдоонун жоктугу экени айтылып келет.

2019-жылы Жалал-Абад шаарында усталар электр тогу менен жүрө турган автоунаа кураштырган. Ал 80 чакырымга чейин жүрө алары айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG