Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:13

СССРдин экс-президенти Михаил Горбачёв 90 жашка толду


Михаил Горбачев
Михаил Горбачев

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 90 жашка чыкты. Ал Коммунисттик партиянын башкы катчысы кезинде эле ачыктык жана реформаларга багытталган айкындык жана кайра куруу саясатынын демилгечиси болгон. Горбачев 90 жылдык мааракесинин алдында кайра курууну өз жашоосунун маңызы деп атады.

“Эң негизгиси - биз өлкө ичинде адамдар эркиндикке жетип, тоталитардык системаны аягына чыгардык”,-деп белгиледи саясатчы.

Михаил Горбачёв өлкөнү жетектеп турганда “кансыз согуш” токтоп, Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Советтер союзунда биринчи жолу эркин шайлоо өтүп, Коммунисттик партия жетектөөчү жана багыттоочу ролунан, Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү социалисттик системадан баш тарткан.

1990-жылы Михаил Горбачев Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси болгон.

Учурда Орусияда СССРдин кыйрашы үчүн Горбачёвду күнөөлөгөндөр да бар. Мурдагы советтик лидер бир катар каталарды моюнуна алып, СССРде реформаларды бир канча убакыт мурда башташ керек болчу деген пикирде.

Батыш өлкөлөрүндө болсо Михаил Горбачёвдун ишмердигин оңунан баалашат. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер саясатчыны 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, немистер Германиянын биригишине кошкон салымы үчүн ыраазы экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG