Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча ишти кайрадан кароону улантууда.
Маалыматты бул ишке айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, жараянда айыпталуучулардын бири, гематолог-дарыгер Абдухалим Раимжанов ден соолугуна байланыштуу өзүнүн ишин өзүнчө бөлүп кароо тууралуу өтүнүч келтирди. Сот аны карап жатат. Азырынча чечим чыга элек.
Атамбаев саламаттыгын жүйө кылып, жараянга келген жок.
Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарындагы түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик рейсте Орусияга учуп кеткен.
Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылы октябрда өткөрүлгөн.
Анда Атамбаев менен катар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, гематолог-дарыгер Абдухалим Раимжанов жана ЖАМКнын ошол кездеги жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана башкалар айыпталууда.
Жогорку сот былтыр 30-ноябрда Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра караш үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.
Ага чейин, июнда райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.
Мурдагы президент жана анын тарапташтары, адвокаттар ага карата козголгон иштерди саясий куугунтук катары баалап келатышат.
Мурдагы президентке карата Кой-Таш окуялары жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштер да бириктирилип, учурда сотто каралууда. (NT)