Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:34

"Азаттыктын" тажик кызматынын журналисттерине кол салуу болду


Дүйшөмбүдөгү май куючу жай. Иллюстративдик сүрөт

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттерине кол салуу болду. 4-мартта Шахло Абдулло жана Муллоражаба Юсуфи күйүүчү майга баанын кымбатташы боюнча репортаж жасап жүргөндө май куючу жайдын жумушчусу кол салган. Ал учурда кабарчылар айдоочулардын биринен маек алып жаткан.

Журналисттердин ишине тоскоол болгон адам алгач Шахло Абдуллону түртүп, кийин Юсуфиге кол салган. Анын жыйынтыгында журналист жаракат алганы аныкталды.

“Өз жумушун кылып жүргөн Тажикстандагы биздин кабарчыларга кол салууну таптакыр кабыл алынгыс нерсе. Биз тажик милициясы бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, өлкөдөгү окуяларды ачык жана тоскоолдуксуз чагылдырууга шарт түзөт деп күтөбүз”,-деп билдирди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай.

Бул окуя боюнча журналисттер милицияга арыз жазды. Дүйшөмбүдөгү Сино райондук милициясы бул окуя боюнча алдын-ала иликтөө башталганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG