Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Бишкекте аялдар арасында волейбол мелдеши өтүүдө


Бишкекте 6-мартта аялдар арасында волейбол мелдеши уюштурулду.

"Альфатекс 312" тигүү ишканасы өткөрүп жаткан эки күндүк республикалык ачык турнирге ар кайсы аймактардан жана Бишкек шаарынан 16 команда катышууда.

Ишкананын жетекчиси Айнура Осмоналиева "Азаттыкка" билдиргендей, эки күндүк мелдеш 8-март - Аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата өтүүдө. Ага профессионал волейбол менен машыкпаган кыз-келиндер катышууда. Негизинен үй кожойкелери.

Максаты - аялдарды сергек жашоого тартуу. Таймаш "Газпром" спорт комплексинде өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG