Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:56

Иран жүргүнчү ташыган учакты алып качуу аракети болгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.

Иран Ислам революциясынын сакчылары корпусу жүргүнчү ташыган учакты уурдоо аракетин токтотуп калганын билдирди. Бирок окуя тууралуу толук маалымат берилген жок.

Аскердик корпустун сайтында жарыяланган кабарга ылайык, аты ачык айтылбаган адам 4-март күнү Ахваз шаарынан Машхадга багыт алган, "Iran Air" компаниясына таандык "Fokker 100" учагын уурдоону пландаган.

Учак Исфахан шаарына чукул кондурулган. Шектүү жаран кармалганы же ага карата кандай чара көрүлгөнү тууралуу ачык айтылган эмес.

Иран Ислам революциясынын сакчылары корпусунун маалыматына ылайык, кылмышка шектүү адам учакты Перс булуңундагы башка мамлекетке багыттоону каалаган.

XS
SM
MD
LG